Вакансиялар

жарыя3


Акыркы күн  19.08.2024
Квалификациялык талаптар  zharyya-saitka-02_57002.docx

Түп  айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы административдик муниципалдык улук кызмат ордунун ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт:

 

Айыл аймагынын финансы-экономикалык жана социалдык ѳнүктүрүү  бөлүмүнүн башчысы  төмөнкү квалификациялык талаптарды коюшат:

  1. кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,

экономика жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

- төмөнкүлөрдү билүү:

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же

расмий тилдерди билүү;

           көндүмдөрү:

            ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; 

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; 

            компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Түп айыл өкмөтүнүн  укук бузуулар, өзгөчө кырдаалдар  жана пробация боюнча жетектөөчү адис  административдик муниципалдык улук кызмат ордунун ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт:

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция,  геодезия жана жерге жайгаштыруу,   техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана  гидромерология, архитехтура жана курулуш, аскердик билим беруу, педогогикалык билим беруу, экономика жана башкаруу)

2. иш стажы жана тажрыйбасы

 жалпысынан жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

           3) Кесиптик компетенциялары:

- төмөнкүлөрдү билүү:

           Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары: 

           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Түп айыл өкмөтүнүн  ветеринария жана мал чарбачылыгы боюнча жетектөөчү адис  административдик муниципалдык кенже кызмат ордунун ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт:

 

           1)  кесиптик билимдин деңгээли: тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим (ветеринария, экономика, айыл чарба жана айыл чарба багытындагы илимдери, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытындагы).

2)  иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3. Кесиптик компетенциялары:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары: 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө" Мыйзамы; 

           Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Түп айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кирешелер жана маалымат-технологиялар боюнча адис административдик муниципалдык кенже кызмат ордунун ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт:

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  - тиешелүү багыттагы жогорку  билим (экономика жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика) же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы: 

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

           Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: 

           Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдары билүүсү зарыл.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

 

Сынакка катышуу үчүн баардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп,  жарыя чыккандан кийин 10-күндүн ичинде   төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Түп айыл өкмөтү, Боронбай  көчөсү №10. 

Кошумча маалыматты Түп айыл өкмөтүнөн алса болот,  тел.2-40-84

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Атк.:Ишембаева Ж.Т: Тел 0709289928