Вакансиялар
Улук кызмат ордуна конкурска жарыя
Акыркы күн 01.12.2025
Квалификациялык талаптар
Жарыя конкурска
Түп айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы административдик муниципалдык улук кызмат ордуна (ваканттык) ачык сынак жарыялайт:
Улук кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
Айыл аймагынын финансы-экономикалык жана социалдык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы төмөнкү квалификациялык талаптарды коюшат:
- кесиптик билимдин деңгээли:
тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, эсептөө
техникасы жана инновациялык технологиялар, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенциялары:
- төмөнкүлөрдү билүү:
- КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
- КР “Бюджеттик кодексин”;
- КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө », КР“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүү зарыл;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдерди билүү;
билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
4) Жеке сапаттары:
стресске туруктуулугу жана эмоционалдык жактан ийкемдүүлүгү; - өзүнүн көз карашынын болушу жана аны жактай билүүсү; - өзүн башкара билүүсү жана өзүнө ишенимдүү болуусу;
ички маданиятынын жогорку деңгээлде болуусу; - өзүнүн билимин дайыма өркүндөтүүгө, сынды туура кабыл алууга жана айланадагы болуп жаткан көрүнүштөрдү түшүнүүгө умтулуусу;
толеранттуулугу.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн баардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккандан кийин 10-күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Түп айыл өкмөтү, Боронбай көчөсү №10.
Кошумча маалыматты Түп айыл өкмөтүнөн алса болот, тел.2-40-49
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.
Даяр: М.Б.Туганбаев тел: 0709-882-495
Түп айыл өкмөтүнүн жер жана аградык секторунун башкы адис - административдик муниципалдык улук кызмат (ваканттык) орунуна ачык сынак жарыялайт:
Улук кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1. кесиптик билимдин деңгээли:
- тиешелүү багыттагы жогорку билим
2. иш стажы жана тажрыйбасы:
жалпысынан 1жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
КР Айыл чарба министрлигинин алдындагы жер ресурстары кызматы жөнүндө, Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу", КР “ Жер кодекси”, “КР жайыттар боюнча мыйзамы”, “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндө мыйзам, “Жер үлүштөрүн жана короо-жай участокторун пайдалануудан түшкөн кирешелердин нормативдерин чектөө жөнүндө” Мыйзамын. “КР жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамы;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
- билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
4. Жеке сапаттары:
стресске туруктуулугу жана эмоционалдык жактан ийкемдүүлүгү;
өзүнүн көз карашынын болушу жана аны жактай билүүсү;
өзүн башкара билүүсү жана өзүнө ишенимдүү болуусу;
ички маданиятынын жогорку деңгээлде болуусу;
өзүнүн билимин дайыма өркүндөтүүгө, сынды туура кабыл алууга жана айланадагы болуп жаткан көрүнүштөрдү түшүнүүгө умтулуусу;